www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Батыш саясатчыларынын Украинага аскер жөнөтүү боюнча айткан билдирүүлөрү болуп көрбөгөндөй жоопкерчиликсиздик, муну чатакты ырбатуу катары караса болот. Бул туурасында Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин РИА Новостигеайтып берген. 

"Бул Батыш саясатчыларынын өтө жоопкерчиликсиздиги. Билдирүүнүн өзүн эле чатакты ырбатуу үчүн жасалган кадам деп билсе болот", — деген Нарышкин Батыштын Украинага аскер жөнөтүү боюнча айтып жаткандарына комментарий берип жатып.

 

2024-жылдын февралында Макрон Евробиримдиктин мамлекет башчылары Украинаны орто жана алыс аралыкка атуучу ракеталар менен камсыздоочу "тогузунчу коалицияны" түзүүнү макулдашканын билдирген. Анын айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Украинага аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан. Ал кезде консенсуска келишпегени менен бул нерсени жокко чыгарууга да болбой турганын айткан.

Макрон жакында эле Economist басылмасындагы интервьюсунда эгерде Россия согуш чектерин бузуп кирип барса жана Украина суранса, ал нерсенин ыктымалдыгын билдирген. Анын айтымында, Франциянын аскер жөнөтүү боюнча айткандарына "көп өлкөлөр" макул болгон.

Мурдараак АКШнын коргоо министринин орун басарынын мурдагы жардамчысы Стивен Брайен Asia Times басылмасындагы колонкасында Франция Украинага өзүнүн чет элдик легионунан аскерлерди "расмий жөнөткөнүн" билдирген. Анын айтымында, 1500гө чукул жоокер Славянскидеги украиналык 54-өзүнчө механизациялаштырган бригадасын колдоо үчүн жиберилген. Бирок Франция ТИМи мындай маалыматты танган.

Буга чейин Америка Конгрессиндеги демократиялык азчылыктын лидери Хаким Жеффрис CBS News телеканалына америкалык аскерлердин Украинадагы чатакка катышарын четке какпай тургандыгын билдирген. Ал эгерде Киев жеңилүүгө дуушар болсо, Вашингтон өлкөнүн жок болуп кетишине жол бере албагандыктан жогорудагыдай сценарий да болуп кетиши мүмкүндүгүн боолгологон. Бирок муну менен катар эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэттью Миллер президент Байден америкалык аскер күчтөрү Украинага жиберилбей тургандыгын түшүнүктүү кылып айтканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости