www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери бар

 

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Алардын үчөө  майып, 18 катышуучу, 8 туткун жана 10 блокадачы.

Бишкек шаарында 22 ардагер, Чүй облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – бешөө жашайт.

Министрликтин маалыматында, согуштун ардагерлери  7 миң сом өлчөмүндө акчалай компенсация жана 10 миң сом өлчөмүндө өмүр бою стипендия алышат.

Ошондой эле өлкөдө 552 ооруктун эмгекчилери жашайт. Алардын майыптыгы барлары айына 2000 сом, калгандары 1000 сом компенсация алып турушат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости