www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу генерал-майор Урматбек Шамыркановдун тапшырмасы боюнча күчөтүлгөн тартиптеги издөө иштеринин натыйжасында ӨКМ куткаруучулары тарабынан кар көчкү басып калган 59 жаштагы Д.А. аттуу адамдын денеси бүгүн, 18-февралда табылып, кар алдынан чыгарылды.
Белгилей кетсек, министрдин буйругу менен издөө ишине бүгүн жалпы 70 адам жана атайын издөө шаймандары тартылган.
Эске салсак, 12-февраль күнү Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагындагы Кызыл-Ой айылынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу эркек кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган. Ошол убактан тарта издөө иши тынымсыз улантылып келген.