www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Нарын облусунун Кочкор районундагы Сапар Алиев көчөсүндө курулуп жаткан спорт комплекстеги бетондун сапатына көзөмөл жүргүздү.
Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө адистер Кашкаров балкасын колдонуп, бузбастан көзөмөлдөө ыкмасы аркылуу бетондун бекемдигин текшерди. Сыноолор бетондун чыныгы бекемдигин аныктоо жана аткарылып жаткан курулуш иштеринин сапатын баалоо максатында жүргүзүлдү.
Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору өлкө аймагындагы курулуш объекттеринин сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча пландуу иштерин улантууда.