www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-мартта Нарын шаарында Нооруз майрамы жогорку деңгээлде белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Майрамдык иш-чаралар саат Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында 11:00дө башталып, ага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.
Салтанаттын алкагында келген конокторго өзгөчө пролог жана театралдаштырылган көрүнүштөр тосуп алат. Расмий бөлүктө өлкө башчысынын куттуктоо сөзү, андан соң кеңири концерттик программа тартууланат.
"Сахнада Кыргызстандын белгилүү ырчылары, чыгармачыл жамааттары жана өнөрпоздору өнөр көрсөтүп, элдик жана эстрадалык чыгармалар жаңырып, майрамдын шаңын арттырат. Мындан тышкары, 120 адамдан турган “Шаттык” бий ансамбли, 50 добулбасчы жана массовка катышкан масштабдуу көркөм көрсөтүүлөр уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.
Ошентип, бүгүн Нарын шаары өзгөчө майрамдык маанайга бөлөнүп, улуттук салт-санаа, ыр-күү жана маданий баалуулуктар кеңири даңазаланат.