www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын районуна караштуу Нарын-Оруктам унаа жолунун 50-75-чакырымдар аралыгы (Капчыгай тилкеси) 2026-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим аба ырайынын катаал шарттары жана кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жол коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Нарын-Оруктам жолунун жогоруда аталган тилкеси жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында жыл сайын жазга дейре жабык болот.

Ал эми жарандар убактылуу Сары-Булак – Арчалы – Оруктам жолу аркылуу каттай алышат.

Последние новости