www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран жүзүн таануу камералары аркылуу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылдын 8-ноябрында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан ИИМдин “Коопсуз өлкө” тутумуна кошулган жүздү таануу видеокамерасынын жардамы менен, 2016-жылдан бери Интерпол линиясы боюнча изделип жаткан чет өлкөлүк жаран 1992-жылы туулган У.С. кармалган.
Аталган жаран Молдова Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинде (зордуктоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн Молдова Республикасынын Ички иштер министрлигинин демилгеси боюнча мамлекеттер аралык жана эл аралык издөөдө болгон.
Алынган маалымат боюнча, 2014-жылы шектүү У.С. жашы жете элек кыздын эркине каршы зордуктоо менен физикалык зомбулук көрсөткөн.
Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындан аркы чараларды көрүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.