www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын борборун Жапалак айылына көчүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев Көкүм-Бий көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылган иш-чарада айтты.
“Шаардын борборун Көкүм-Бийге, ушул жакка көчүрөлү деп чечип жатабыз. Анткени чоң шаарларда автоунаа базарлары, чоң-чоң соода түйүндөр менен базарлар шаардын сыртында болот. Ошондуктан шаардын борборун Жапалак айылына жылдырып, ушул жерге көбүрөөк көңүл буралы деп чечтик”, - деди ал.
Жапалак Ош шаарынын аймагына кирет. Ушул тапта шаардын борбору Алымбек датка көчөсүндөгү Ош шаарынын мэриясы жана Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын маңдайы болуп саналат.
Массалык иш-чаралар, ар кандай мамлекеттик жыйындар ушул аянтта өтөт. Ленин деп аталып келген көчөнүн аты 2025-жылдын июль айында Алымбек датка көчөсү деп өзгөртүлүп, Лениндин аянттагы эстелиги алынган.