www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан тармакты өнүктүрүү жана жаңылоо багытында 2026-жылга бир катар пландарды койду.
Алардын катарында Нарын облусу боюнча 2026-жылы 21 даана трансформатор алмаштыруу төмөнкүдөй пландалууда:
- Ак-Талаа району - 1 даана,
- Ат-Башы району - 3 даана,
- Кочкор району - 7 даана,
- Нарын району - 7 даана,
- Тогуз-Торо району - 3 даана.
Ал эми кошумча 6 даана трансформатор орнотуу иштери:
- Ат-Башы районуна - 1 даана,
- Жумгал районуна - 2 даана,
- Нарын районуна - 3 даана.
Мындан тышкары капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүү үчүн 2105 даана трансформатор планга коюлду.
Эске салсак, «КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан 2025-жылы облус боюнча жалпы 83 даана трансформатор алмаштырылып жана кошумча орнотулду. Анын ичинде:
• 10/0,4 кВ кубаттуулуктагы 61 даана трансформатор алмаштырылды;
• 10/0,4 кВ кубаттуулуктагы 22 даана трансформатор кошумча орнотулду.
Аталган иштердин натыйжасында өткөн жылга салыштырмалуу жалпы 39 217 кВА электр кубаттуулугу жогорулатылды.
Ошондой эле, 121 даана трансформатор Нарын электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүлдү.
Аткарылып жаткан бардык иштер калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.
Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн сиздер күнү-түнү төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
105 (акысыз чалуу),
+996 772 001209, 0556 001209
WhatsApp: +996 702 001209