www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 3-февраль күнү Алай районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында интернет алдамчылык жана жол кырсыктарын алдын алуу маселелери боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Чынгыз Иманалиев, райондук ЖКККБнын кызматкерлери, ошондой эле айыл өкмөт башчылары, алардын орун басарлары жана айыл башчылары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир айыл өкмөттө WhatsApp тайпаларын түзүү, жол кыймылынын эрежелерин бузган автоунааларды видеого тартып, тиешелүү органдарга маалымдоо боюнча сунуштар айтылып, катышуучулар тарабынан колдоого алынды.
Мындан тышкары, интернет алдамчылык боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, калкка маалымат жеткирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.