www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасына сапар менен Америка Кошмо Штаттарынын Президентинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор келди.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев менен жолугушуулар пландалууда.
Мындан тышкары, АКШ Президентинин Атайын өкүлү С. Гор 2026-жылдын 4–5-февралында Бишкек шаарында өтө турган «Борбордук Азия – АКШ» (B5+1) экономикалык форумуна катышып, ошондой эле америкалык ири бизнес өкүлдөрү жана саясатчылар менен жолугушат.
Жогорку деңгээлдеги талкууларда ал АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө бизнес коомчулугунун маанилүү ролун баса белгилейт. Ошондой эле Бишкек жана Ташкент шаарларында эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн жогорку даражалуу расмий өкүлдөр менен жолугушууларды өткөрөт.
“АКШ Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан менен экономикалык байланыштарды чыңдоого, ошондой эле бүтүндөй аймакта туруктуулук менен бакубаттуулукту камсыздоого багытталган инновациялык өнөктөштүктөрдү өнүктүрүүгө берилгендигин сактайт”, – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Сержио Гор жаңы түзүлгөн АКШ–Өзбекстан ишкердик жана инвестициялык кеңешинин тең төрагасы болуп иш алып барары маалымдалган.
АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Сержио Гордун кийинки сапары Өзбекстанга. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтында маалымдалды.