www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштери таң эрте башталды. Издөө иштерине өзгөчө кырдаалдар башкармагынынан, ички иштер органдарынан жана жергиликтүү тургандардан болуп 96 киши тартылды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, бүгүн, 6-апрелде кайык жана дрон тартылып, Нарын сууну бойлой Нарын районунан Ак-Талаа районуна чейин изделип жатат. Издөө иштерине Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары да чыкты.

Кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, 5-апрелде  Нарын шаарынын Ленин жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинен 5 жаштагы бала Нарын дарыясына түшүп кеткен.

 

Последние новости