www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин колдоосу менен жана тармактын артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен «Чакан ГЭС» ААК 2026-жылга карата иш-планды даярдады.
Ага гидроагрегаттарды учурдагы жана капиталдык оңдоо, эски станцияларды реконструкциялоо, ошондой эле жаңы объектилерди ишке киргизүү каралган.
Жыл ичинде компаниянын объектилеринде жабдууларды иштөөчү абалында сактоо, авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана гидроэлектростанциялардын эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 300 утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.
Ошондой эле төмөнкү гидроагрегаттарда төрт капиталдык оңдоо каралган:
– ГЭС-3түн №1 гидроагрегатында;
– ГЭС-4түн №1 гидроагрегатында;
– ГЭС-5тин №2 гидроагрегатында;
– ГЭС-6нын №2 гидроагрегатында.
Капиталдык оңдоо иштерине агрегаттарды толук ажыратуу, негизги түйүндөрүн диагностикалоо, эскирген тетиктерди алмаштыруу, жабдууларды модернизациялоо жана андан кийинки ишке киргизүү-орнотуу иштери кирет. Бул иштер өндүрүштүк кубаттуулуктарды жаңылоонун узак мөөнөттүү программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Мындан тышкары:
-ГЭС-1дин №1 гидроагрегатында оңдоо иштери жүргүзүлөт;
-Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатында ремонттук иштер аткарылат;
-2026-жылы Орто-Токой ГЭСин пайдаланууга берүү пландалууда;
-Папан ГЭСинин курулушу улантылат;
- Лебединов ГЭСи реконструкцияланат;
- 20 даана электромобилдер үчүн кубаттоочу станцияларды орнотулат;
Бул иштер жабдуулардын кызмат мөөнөтүн узартууга жана 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде анын туруктуу иштешин камсыздоого мүмкүндүк берет.
Пландалган иш-чаралар комплекси генерациялоочу кубаттуулуктардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, электр энергиясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүн үзгүлтүксүз электр менен камсыздоого багытталган.