www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата... 1946-жылы 2-октябра Талас районунда төрөлгөн. 1965-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Комсомолдук жолдомо менен райондогу “Каракол” колхозунда чабан болуп иштеген. 1966-1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-2005-жылдары ички иштер органдарында иштеген. Милициянын полковниги. Бул тармактагы кызмат учурунда 70тен ашык ар түрдүү өкмөттүк медалдар менен сыйлыктарга татыктуу болгон. Эки ирет ардактуу куралдар – “Марголин” тапанчасы жана спорттук майда калибрдеги сайлуу мылтык менен сыйланган. 1980-жылы СССР ички иштер министринин буйругу менен “Милициянын отличниги” ардактуу наамы ыйгарылган, Москва шаарында 1980-жылы өткөн Бүткүл дүйнөлүк Олимпиада оюндарынын коопсуздугун сактоо боюнча Кыргыз ССРинин ички иштер министринин курама отрядынын командиринин орун басары катары ийгиликтүү милдет аткарган кызматыүчүн “За отличную охрану общественного порядка” медалына татыктуу болуп, СССР ички иштер министринин алкышы жарыяланган. Билими жогорку – 1977-жылы Кыргызстан Мамлекеттик Университетинин филология факультетин жана 1987-жылы СССР ИИМинин Ташкенттеги жогорку мектебинин атайын факультетин бүтүргөн. Өзүнүн негизги иши менен катар ар түрдүү чыгармачылыкты кошо ала жүрөт. Ички иштер органдарынын орусча-кыргызча сөздүгүн түзүүгө катышкан. “Кыргыз милициясы” энцклопедиясынын авторлорунун бири. Бир нече адабий жана окуу китептеринин редактору болгон. 1982-1985-жылдары Кыргыз телевидениесиндеги ай сайын чыгуучу “Абийириўди жашыўдан сакта” жана “Береги честь с молоду” деген орусча – кыргызча бир сааттык берүүлөрдү уюштурган жана алып баруучу болгон. Ушул эле телевидениеде “Мен чилистен”, “Шерине”, “Ыр кесе”, жана кесипчилик боюнча бир нече берүүлөрдү уюштуруп эфирге чыгарып жүргөн. Мезгилдүү басма сөздө кылмыштуулуктун алдын алуу жага ага каршы күрөшүү боюнча 500дөн ашык макаласы жарык көргөн. Ж.Бузурманкулов адис котормочу катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын комментарийлерин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык Кодексинин комментарийлерин да которуп китеп кылып чыгарган  (700 беттен ашык). Ал мыкты акын катары да республикага белгилүү. Анын бир нече ырларына обончулар менен композиторлор обон чыгарышып эл арасында таралган. Бүгүнкү күндө популярдуу болуп ырдалып жүргөн “Илияздын ыры”, “Баланын 30 жылдан кийинки каты”, “Алгачкы махабат” ж.б. көптөгөн ырлар да Ж.Бузурманкуловдун калемине таандык.  Анын ырларын аткарган ырчылар Кыргыз Республикасынын “Эл артисти” наамына чейин жетип жатышат. Ж.Бузурманкулов тарабынан “Курсанттардын маршы”, “Милициянын маршы”, “Өрткө каршы кызматкерлердин маршы”, “Аскер маршы”, “Түзөтүү кызматкерлеринин марштары” жазылып, аталган кызматтарда аткарылып жүрөт.

Жакында эле “Кызматыбыз мекенге” деген ат менен Жаза Аткаруу Тутумунун маршы жазылып, ал көпчүлүк тарабынан кызуу колдоого алынды. Ж.Бузурманкулов Мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча да, алгылыктуу салымдарын кошуп келет. Ал күч органдарынын арасында уюшулган Мамлекеттик тил боюнча уюмдун жана анын иштиктүү тобунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төш белгисине татыктуу болгон. Иш кагаздарын Мамлекеттик тилге даярдоо боюнча Башкы башкармалыкта  консультанттык милдетти жана уюштуруу комитетинин мүчөсүнүн милдетин аткарат. Ал ЖАББнын эки тилде чыгуучу “Үмүт” гезитинин редактору болуп иштөө менен гезиттин ишин тийиштүү  жолго коё алды. Гезит тематикалык жагынан ар түрдүү болуп, оформлениеси да жакшы, ошону менен биргеүзгүлтүксүз чыгып жүргөн.

Ж.Бузурманкулов коомдук иштерге да активдүү катышат. Ал “ДА” (ДИАЛОГ ЕВРАЗИЯ) Эл аралык платформасынын Кыргызстандагы уюмунун төрагасынын орун басары. Кыргызстан жөнүндөгү анын макалалары ушул платформанын органы “ДА” журналына  такай жарыяланып келет. Ж.Бузурманкулов 2006-жылы Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында кыргыз элинин маданий борборун уюштурууга активдүү катышып, ушул жылдын 1-майында аны ачууга Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин өкүлү катары катышкан. 2012-2017 жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин коомчулук менен байланышуу боюнча кызматын жетектеген. “Мажүрүм тал жап жаш эле”, “Ы.Тойчиновтун ызгаарлуу тагдыры”, “Белөрүктөн ааламга чейин”, “Байлыгым баскан жолум” аттуу жыйнактары жарык көргөн. Ж.Бузурманкулов 1994 жылы Кыргыз Милициясынын 70 жылдык мааракесине арналган эстафетанын 2 октябрьдан 30 октябрга чейин Республиканын баардык аймактарында өтүүсүнө жеке жетекчиликти ишке ашырган. Азыркы учурда жеке чыгармачылыгы менен иштеп, ардактуу эс алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости