www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни өлтүргөн адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу NHK телеканалы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 45 жаштагы Тэцуя Ямагами саясатчыны колго жасалган курал менен атып өлтүргөнүн мойнуна алган. Прокуратура соттон аны өмүр бою түрмөгө кесүүнү талап кылган. Ал эми айыпталуучунун адвокаттары 20 жылдык жаза сурашкан.

Эске салсак, 2022-жылдын 9-июлунда Синдзо Абэ парламенттин жогорку палатасына өтө турган шайлоонун алдында Либерал-демократиялык партияны колдоо максатында эл алдында сөз сүйлөп жаткан. Кыска убакыттан кийин анын арт жагынан эки жолу ок атылып, саясатчы жерге кулаган. Кийин ал ооруканада каза болгон.

Последние новости