www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илим жана технология министрлигинин мурдагы жетекчиси Бактияр Орозов мас абалында унаа башкарганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылды. Мындай чечимди Аламүдүн райондук соту кабыл алган. 

Бул окуя коомдо мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги жана коомдук адеп-ахлак нормаларын сактоо маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды.

Маалыматка ылайык, укук бузуунун фактысы 15-декабрда кечинде катталган. Ошол күнү Орозов жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан мас абалында автоунаа айдап жүргөн учурда кармалган. Тиешелүү протокол түзүлүп, иш сотко өткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, 15-декабрда эле президент Бактияр Орозовду «Мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабагандыгы» үчүн Илим жана технология министри кызматынан бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Кызматтан алынгандан кийин эле анын мас абалында унаа айдаганы коомчулукка белгилүү болуп, кеңири талкуу жараткан.

Последние новости