www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын Мурат Уметов Ак үйгө арнап төмөнкүчө ырын жазып чыкты.

СЫЙКЫРДУУ АК ҮЙ

Башында баары убада берип шашышат,
Ак үйдү эңсеп, оорулуу болуп калышат.
Эмнеге билбейм, бир сыры барбы Ак үйдүн?
Кирген соң анда, унутуп баарын калышат.

Ак үйдө иштеп жүз миңдеп алат айлыгын,
Айылда болсо "чал-кемпир" багат бардыгын,
Пенсия алат оң миңдей экөө кошулуп,
Андан да үнөп "светине" төлөйт жарымын.

Эх, Ак үй, Ак үй, эмне үчүн мындай теңсиздик,
"Ушундай беле эңсеген биздин эркиндик?", -
деп калат байкуш эже-агай бизге жалооруп,
Ак Үйдү карайт берсе деп бир топ жеңилдик.

Абдан көп алат пенсия кай бир атуулдар,
Тизмеде жүрөт кай бири элге жатуулдар,
Эмгеги сиңип эл үчүн кызмат кылышкан,
Аз го дейм бизде, эл үчүн күйгөн баатырлар.

Күнү-түнү иштеп чоңойтуп ондон баланы,
Ата-эне байкуш жолотпой багат санааны,
Чиновник бүгүн, а эртең ал да картаяр,
Токтобой кетээр Акүйдүн андан карааны.

Картаяр ал да, эңшертпес бирок карылык,
Даярдап койгон, балдарга толо кең байлык,
Ата байлыгы эч качан жукпайт балага,
Эзелтен эле каргышка калган ал байлык.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости