www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан алаканга салгандай чакан мамлекет болгондуктан, көп учурда ички саясий маалыматтар жашыруун аналитикалык борборлор эмес, жөнөкөй эле адамдардын сүйлөшүүлөрү же телефон аркылуу тараган кабарлар менен билинип калат. Акыркы убактарда өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу ар кандай кеп-сөздөр, божомолдор жана интригалар көбөйгөнү байкалууда.

Алсак, саясий тар чөйрөдө айтылып жаткан кептердин бири «сары бала» деген каймана ат менен белгилүү болгон Сапар Исаков бийликти эңсеп, уктаса түшүнөн кетпей жүргөнү тууралуу сөздөр кайрадан жандана баштады.

Ишенимдүү булактардын маалыматына караганда, жакында Москва шаарында эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттар Орозо айына карата ооз ачар уюштурушкан. Алар Сапар Исаковду келечекте өлкө башчысы катары көрүү маселеси да козголгону айтылууда. Бул тууралуу жыйынга катышкан атын атагысы келбеген жарандардын бири NazarNewsка билдирди.

Эске салсак, Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы — премьер-министр кызматын аркалаган. Анын саясий карьерасы бир топ талаш-талаштуу окуялар менен коштолгон. Коомчулукта көп талкуу жараткан фактылардын бири — тарых музейиндеги экспонаттарга байланыштуу окуялар жана кымбат бааланган декоративдүү аттар тууралуу сын-пикирлер болгон. Ошондон кийин анын саясий жолунда кыйын кезең башталып, жыйынтыгында кылмыш иштери козголуп, камакка алынган.

Премьер-министр болуп турган мезгилде Сапар Исаков мамлекеттик башкарууну модернизациялоо жана санариптештирүү багытындагы демилгелерди колдогон. Анын тушунда өлкөдө “Таза коом” санариптик трансформация программасы, “40 кадам” программасы активдүү илгерилетилген. 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча козголгон коррупциялык кылмыш ишине байланыштуу сот процесси жүргөн. Натыйжада сот аны күнөөлүү деп таап, узак мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бактысына жараша 2020-жылы учурдан пайдаланып мамлекеттен качып, сыртка качып чыгып кеткен.

Сапар Исаков эмгек жолун билим берүү тармагынан баштап, кийин мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтарда иштеген. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги системасында дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратында ар кандай кызматтарды аркалап, тышкы саясат бөлүмүн жетектеп, президенттик аппараттын жетекчиси болгон.

2017-жылы ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы — премьер-министр болуп дайындалып, бул кызматты 2018-жылга чейин иштеген.

Өкмөт башчы болуп турганда аттишти 600 АКШ долларына баалап, тарых музейиндеги жыгач аттардан кийин жолун кара туман каптап, саясый токойдо жалгыз калган жигиттердин бири – бул Сапар Исаков.

Баса, Исаков инсан катары мыкты. Мүнөзү жумшак, баладай бат алданат. Саясый курчтук жок, өзү айткандай “жестко” кылгысы келет, алсыз. Тилекке каршы өтө боорукер болгондуктан президенттикке эмес, айыл башчылыкка жарабайт. Жумшактыгы жагынан тунгуч президентибиз Аскар Акаевге куюп койгондой окшош. Ал ушул тапта Москвада өзүнүн жеке бизнестери бар.

Последние новости