www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада Кыргызстандын эки жараны киши колдуу болгон сөөгү суу жээгинен табылды. Бул тууралуу КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш иштерин координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары Аскат Алиев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Алар 2017-жылдын 29-декабрында өз үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул боюнча маркумдун жакындары 30-декабрда Москва шаарынын полициясына арыз менен кайрылышкан.

"Биринин сөөгүн 30-декабрда Москва облусунун Жуковский шаарында Наркомвод көчөсүндөгү Москва дарыясынын жээгинен балыкчылар табышкан. Экинчиси да ошол эле жерден 7-январь күнү табылган. Экөө тең киши колдуу болгон", — деп жазган Алиев.

Бул фактылар боюнча Москва облусунун Тергөө комитети тарабынан РФ Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы күндө полиция кызматкерлери менен бирдикте КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү кылмыштын бетин ачуу боюнча иштерди алып барууда.

Маркумдар 37 жана 38 жаштагы Оштун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынан болушкан.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости