www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев каза болду

Москва шаарында биринчи президент Аскар Акаевдин баласы Айдар Акаев каза болду. Бул тууралуу 24.kg агентигине үй-бүлөнүн жакындары билдирген.

Маалыматка караганда, 44 жаштагы Айдар Акаевтин жүрөгү токтоп калып, доктурлар жардам бере алган эмес.

Эскерте кетсек, Аскар Акаевдин төрт баласы бар: Бермет, Айдар, Саадат, Илим. Бермет менен Айдар Жогорку Кеңешке шайланып, депутаттык мандатын «Алга Кыргызстан» партиясынан алышкан. Бул коомдо чоң нааразычылык жаратып, 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштө Акаевдердин үй-бүлөсү өлкөдөн качып кеткен.

Айдар Акаев Чокубаев киноматографистердин үй-бүлөсүнүн кызы Сайкалга үйлөнгөн. Алардын эки баласы бар.

Последние новости