www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аны өз убагында аныктоо жана кайталанышына жол бербөө максатында Москва районунун аймагында 2026-жылдын 10–12-август күндөрү «Үй-бүлө» аталышындагы профилактикалык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу каттоодо турган үй-бүлөлөргө профилактикалык иштер жүргүзүлүп, жарандарга үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө жана анын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алуу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында тиешелүү чаралар көрүлдү.

Москва РИИБ жарандарды үй-бүлөдө өз ара сый-урматты сактоого, чыр-чатактарды күч колдонбостон чечүүгө жана үй-бүлөлүк зомбулукка кайдыгер карабоого чакырат.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы

Последние новости