www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.

Мониторингдин жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда картошканын баасы 2,7%га, пастерленген сүт 0,8%га, тоок жумурткасы 0,6%га, биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан 0,3%га кымбаттаган. Ошондой эле тазаланган күн карама майы менен кумшекердин баасы 0,1%га өскөн.

Ошол эле учурда өлкөдө каймак майдын баасы 1,9%га, баш пияз 0,9%га, уй эти 0,4%га жана кой эти 0,1%га арзандаган.

Калган азык-түлүк товарларынын бааларында өзгөрүү болгон эмес.
Казакстанда эң көп кымбаттаган товар — баш пияз. Анын баасы 3,1%га өскөн.

Тоок жумурткасы 0,7%га, макарон азыктары 0,6%га, биринчи сорттогу буудай уну жана сабиз 0,4%га кымбаттаган. Ал эми картошканын баасы 1,8%га төмөндөгөн.

Россияда кумшекердин баасы 1,3%га жогорулаган. Күрүч жана тазаланган күн карама майы 0,3%га, вермишель 0,2%га, уй эти, кой эти жана биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан 0,1%га кымбаттаган.

Россияда картошканын баасы 2,8%га, сабиз 2,4%га, баш пияз 1,1%га, тоок жумурткасы 0,5%га, каймак май 0,2%га жана пастерленген сүт 0,03%га арзандаган.

Министрликтин маалыматына караганда, калган товарлардын бааларында олуттуу өзгөрүү катталган эмес.

Последние новости