www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сентябрдын 10унан 11инен караган түнү массалык мушташ учурунда бычактан алган жараатынан улам 23 жаштагы Муслимбек Омонов каза болду. Ал кикбокс боюнча Өзбекстандын жети жолку жана дүйнөнүн чемпиону болгон. Ошондой эле маркум ММА боюнча Азия чемпиону да болчу.

Маалыматка ылайык, Ташкент шаарындагы кафелердин биринен эркектерден турган эки топ арасында пикир келишпестик орун алган. Анан алар сыртка чыгып мушташканга чейин барышкан. Мушташтан үч адам жабыркап, ооруканага жеткирилген, бирок алардын бирөөсү, спортчу Муслим Омонов каза болуп калган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости