www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-сентябрда, Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер боюнча угуулар өтүп жатат. Депутат Авдывахап Нуриев Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Мирслав Аманкуловго абаны тазалыгын сактоо менен кантип күрөшүү боюнча суроолорун берип, жарытылуу жооп ала алган жок. Акыры “Мейли эми, өкмөткө кандай сунуштарды киргизесиңер, ошолордун бешөөсүн айтып бериңизчи?” деп кайрылды.
Ага да тыңгылыктуу жооп ала албай айласы кеткенде, “Бул силердин ишиңер да. Сиз өзүңүздүн тармакты түшүнбөйт турбайсызбы? Аа. Бул кадр менен өкмөт алыска бара албай калды го, элементардуу жоопторду билбейт экенсиз. Мурун ушул тармакта иштегенсизби, иштесеңиз эмне үчүн эч кандай түшүнүгүңүз жок? Бир айдан кийин ушул суроолорго жооп даярдап келиңиз”, -деди.
Булак: "NazarNews.kg"