www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 1995-жылга чейин көчүп келип, ошондон бери өлкөдө жашап жаткан адамдарга жарандык берүүнү убадалады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Мирзиёевдин айтымында, бул Өзбекстанда жашап жаткан болжол менен 50 миң адамдын жарандык алуу маселесин чечет. Президент парламентти бул сунушту карап чыгып, 1-майга чейин тиешелүү мыйзам долбоорун даярдоого чакырды.

Мирзиёев ошондой эле ички миграция тармагындагы саясатты либералдаштыруу жана айыл тургундарынын Ташкентте иштөөсүнө тыюу салган союз мезгилинен бери сакталып келаткан системаны жоюу пландары жөнүндө айтты:

— Жүз миңдеген өзбекстандыкты башка өлкөлөрдө жумуш издөөгө аргасыз кылган бул тажрыйбадан баш тартууга мезгил келди.

Мындан тышкары Мирзиёев мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү үчүн Коомдук палата түзүү ниетин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости