www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Меган менен ханзаада Гарри падыша титулунан баш тартып жаңы жашоо башташты. Падышалык корреспондент Арндт Стриеглер британиялык басылмалардын бирине Канадада жаңы жашоону баштайбыз деп чечкен жубайлар бактылуу боло алышпарын айтып берген.

“Менин оюмда, биз жубайлардын ажырашуусу менен аяктай турган чоң кризистин башталышын көрүп жатабыз. Менин прогнозум: Гарри менен Меган жакынкы эки-үч жылда ажырашат.

Биринчиден, Гарри Түндүк Америкада бактылуу боло албайт. Анткени ал Англияга-досторуна жана үй-бүлөсүнө байланган. Экинчиден, мен ишенимдүү булактардан билем, Меганга Виндзор шаарынын чекесиндеги Фрогмор-коттеджинде жашоо жаккан жок. Ал өзүн жалгыз сезген жана өзүнө жаңы досторду таба алган эмес же өзү каалаган эмес. Гарри Түндүк Америкада, а Меган Англияда бактылуу боло албайт”.

Гарри менен Меган өзүнүн падышалык жашоосу менен канааттанбарын, 2019-жылы октябрь айында интервьюда айтышкан.

“Меган ишенчээк эмес. Ал акылдуулук менен иш кылат. Биринчи өзүн анан уулу Арчини ойлорун бир нече жолу тастыктады. Андан кийин барып жолдошун ойлойт. Эмне кааларын билген, акылдуу, жаш аял. Гарри менен никеси болбой калса, мурун жабык болгон Голливуддун эшиктери ага ачылат деп ойлойт”,- деп британиялык корреспондент эсептейт.

Гарри мүнөзү боюнча алсыз адам. Бул жаман да, жакшы да эмес. Ал Меганды аябай жакшы көрөт жана ал бактылуу болуусун калайт. Демек, Меган аны башкара алат. Ал бул никенин рулунда отурат жана биз муну акыркы айларда көп көрүп жатабыз.

Ошондой эле, журналист экөө ажырашып кетсе, ханзаада Гаррини кайра падыша үй-бүлөсү кабыл алабы деген суроого да жооп берди.

“Эгер Гарри кайра падышанын үй-бүлөсүнө кайтып келсе жана чоң жаңылыштык кетиргенин моюнуна алса, анда кучак жайып кабыл алышат.

Биринчиден, Гарриге британиялыктар түшүнүү менен мамиле жасайт. Өзгөчө бул акыркы күндөрү байкалууда. Бардык каары Меганга багытталган. Бирок, Гаррини түшүнүүгө жана аны кечирүүгө болот. Ал баарынан өзүнүн аялын жакшы көрөт, аны угат жана эмне кааласа ошону берет. Башка жагынан алганда, Гарри манилүү аткаруучу. Ал эмгекчил жашында турат жана бир жылдын ичинде  200дөн ашуун падыша милдеттерин аткарат”.

Корреспондент, эгерде ханзаада Гарри британиялык кызга үйлөнсө, мисалы, 2012-жылдан 2014-жылга чейин сүйлөшкөн Кресинде Бонасга, анда анын жашоосу такыр башкача болмок деп эсептейт. Алар Англиянын жаңы үмүтү болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости