www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев 9-сентябрь — Комуз күнүнө карата кыргызстандыктарды куттуктады.
Министр өз куттуктоосунда комуз кыргыз элинин кылымдарды карыткан мурасы, руханий дөөлөтү жана улуттук сыймыгы экенин белгиледи.
«Комуз — жөн гана музыкалык аспап эмес. Ал — кыргыз элинин тарыхынын, дүйнө таанымынын, улуттук эс-тутумунун жана рухунун үнү», — деп белгиледи Мирбек Мамбеталиев.
Ал залкар комузчулар менен күүчүлөрдүн мурасы бүгүнкү күнгө чейин жетип, кыргыз комузунун күүсү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жаңырып жатканын айтты.
Ошондой эле министр жаш комузчулардын талантына токтолуп, мамлекет улуттук маданиятты жана руханий мурастарды сактоо, өнүктүрүү жана жаш муундарга жеткирүү иштерин улантарын билдирди.
Мирбек Мамбеталиев комузчуларга, күүчүлөргө, өнөр адамдарына жана комузду аздектеген мекендештерге бекем ден соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.