www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөн «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору эки жыл ичинде масштабдуу реконструкциядан өтүп, Ысык-Көлдүн жээгиндеги заманбап, көп функционалдуу ден соолукту чыңдоо, спорт жана туризм комплексине айланды. Бүгүн, 22-октябрда, борбордо реконструкциянын экинчи этабынын алкагында үч ири объект — заманбап Ulan Thermal Spa термалдык комплекси, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси (ФОК) жана 60 орундуу жаңы мейманкана салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.
Мындай жагдай жөн гана жаңы имараттардын ачылышы эмес, көп жылдар бою жаңыланууга муктаж болуп келген объекттин кыска убакыттын ичинде комплекстүү өзгөрүп, жаңы өнүгүү баскычына көтөрүлүшүнүн натыйжасы. Көп жылдар бою кесиптик бирликтердин карамагында болгон «Улан» борбору мезгилдин талабына ылайык жаңыланууга, материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана эс алуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө муктаж эле. 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөндөн кийин борборду комплекстүү реконструкциялоо жана өнүктүрүү иштери башталып, эки жылдын ичинде анын инфраструктурасын жаңылоого багытталган масштабдуу иштер жүргүзүлдү.
Реконструкция эки этап менен ишке ашырылды. 2025-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти борборго келип, жаңылоо иштеринин биринчи этабынын алкагында даярдалган объектилерди ачып берген. Андан кийинки мезгилде инфраструктураны өнүктүрүү иштери улантылып, бүгүн реконструкциянын экинчи этабы толук аяктады. Натыйжада «Улан» борборунун инфраструктурасы жаңы мазмунга ээ болуп, эс алуу, спорттук даярдык, ден соолукту чыңдоо жана туристтерди кабыл алуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейди.
Ачылган объектилердин ичинен өзгөчө орунду табигый минералдык булактардын негизинде түзүлгөн Ulan Thermal Spa термалдык комплекси ээлейт. Заманбап талаптарга ылайык жабдылган комплексте эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө бөлүмдөр каралып, бассейндер, хаммам, орус мончосу, туз бөлмөсү, джакузи жана жайлуу эс алуу аймактары уюштурулган. Ачык асман алдында температурасы ар түрдүү минералдык суусу бар алты бассейн жана муздак таза суусу бар эки бассейн жайгашкан. Алардын бири балдар үчүн атайын каралган. Мындан тышкары, жайкы жана кышкы террасалары бар кафелер, ошондой эле 10–15 адамга ылайыкталган өзүнчө VIP SPA-аймак түзүлгөн.
Табигый минералдык булактарды заманбап тейлөө инфраструктурасы менен айкалыштырган бул комплекс борбордун жыл бою иштөөсүнө шарт түзүп, Ысык-Көлдө ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эми коноктор көл жээгиндеги жайкы эс алуу менен гана чектелбестен, жылдын башка мезгилдеринде да термалдык кызматтардан пайдаланып, ыңгайлуу шартта эс ала алышат.
Экинчи ири объект — спорттук машыгууларды жана ири иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган заманбап дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси. Ал дзюдо, самбо, грек-рим жана эркин күрөш, кыргыз күрөшү, бокс сыяктуу спорт түрлөрү боюнча машыгууларды, окуу-машыгуу жыйындарын, республикалык жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө багытталган. Ошондой эле баскетбол, волейбол жана кичи футбол үчүн керектүү жабдуулар каралган.
Комплекстин көп функционалдуу мүмкүнчүлүктөрү спорттук иш-чаралар менен гана чектелбейт. Бул жерде конференцияларды, форумдарды, семинарларды, маданий программаларды жана концерттерди уюштурууга да шарт түзүлгөн. Жаңы спорттук инфраструктура спортчулардын даярдык деңгээлин жогорулатууга, машыгуу жыйындарын өткөрүүгө жана Ысык-Көлдүн спорттук туризм багытындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, 60 орундуу жаңы мейманкана пайдаланууга берилди. Заманбап эмеректер жана керектүү жабдуулар менен камсыздалган бөлмөлөр коноктордун ыңгайлуу эс алуусуна ылайыкталган. Мейманкана спорттук жыйындардын катышуучуларын, туристтерди, корпоративдик иш-чаралардын конокторун жана башка эс алуучуларды кабыл алууга багытталган. SPA-комплекс, спорттук жай жана мейманкананын бир аймакта жайгашуусу борбордун кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, эс алуу, спорт жана иш-чараларга катышууну бир жерде айкалыштырууга шарт түзөт.
«Улан» борборундагы өзгөрүүлөр бүгүн ачылган үч объект менен гана чектелбейт. Комплекстүү реконструкциянын жүрүшүндө мурдагы жатак корпустары капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ички жасалгалары жана эмеректери жаңыланды. Суу менен камсыздоо, канализация жана электр тармактары алмаштырылды. Борбордун аймагы көрктөндүрүлүп, жаңы жөө жүрүүчү аллеялар салынып, заманбап жарыктандыруу системалары орнотулду.
Спорттук инфраструктура эки футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, теннис корту, 600 метрлик чуркоо жолу, воркаут-аймактары жана балдар үчүн оюн аянтчалары менен толукталды. Ошондой эле 650 көрүүчүгө ылайыкталган, чоң LED-экран менен жабдылган заманбап амфитеатр пайдаланууга берилип, концерттерди, маданий-массалык иш-чараларды жана ар кандай оюн-зоок программаларын өткөрүүгө шарт түзүлдү. Мындан тышкары, ашкана оңдолуп, конференц-зал уюштурулду, кир жуучу жай заманбап өндүрүштүк жабдуулар менен камсыздалып, санитардык-тиричилик шарттары жакшыртылды.
Мунун баары борбордун сырткы көрүнүшүн гана эмес, анын иштөө мүмкүнчүлүктөрүн да түп-тамырынан өзгөртүүгө багытталган. Эгер мурда «Улан» негизинен сезондук эс алуу жайы катары иш алып барса, эми ал жыл бою конокторду кабыл алууга, спортчулар үчүн машыгуу жыйындарын уюштурууга, мелдештерди жана конференцияларды өткөрүүгө, ошондой эле ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алган заманбап комплекс болуп калды.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги ыңгайлуу жайгашуусу, табигый минералдык булактары, кеңейтилген спорттук инфраструктурасы жана жаңы мейманканасы борбордун ички жана тышкы туризмди өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн арттырат. Ошону менен катар жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн ишке кириши жумуш орундарын түзүүгө, аймактын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик эс алуу объектилеринин экономикалык натыйжалуулугун күчөтүүгө шарт түзөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Санатория-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектилерди башкаруу боюнча дирекция мамлекеттик санаторийлерди, пансионаттарды жана эс алуу борборлорун заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүү, алардын инфраструктурасын жаңылоо жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытындагы иштерин улантууда.
Эки жылдын ичинде ишке ашырылган масштабдуу өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында «Улан» борбору жаңы мазмунга ээ болуп, эс алуу, спорт жана туризмди бириктирген заманбап комплекске айланды. Бүгүн пайдаланууга берилген үч ири объект реконструкциянын толук аяктаганын билдирүү менен бирге борбордун мындан аркы өнүгүүсүнө, Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жарандар үчүн сапаттуу эс алуу шарттарын түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.