www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мугалимдерди кесибине тиешеси жок иштерге, анын ичинде оңдоп-түзөө иштерине жана ишембиликке тарткандарга айып пул салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, мугалимдерди башка иштерди аткарууга мажбурлаган жеке жактарга 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салуу каралган.
Ошондой эле кесибине тиешеси жок иштерди аткаруудан баш тарткан мугалимдердин укугун коргоо сунушталууда. Аларга баш тартканы үчүн тартиптик жаза берүүгө же эмгек келишимин бузууга жол берилбейт.
Мындай талапты бузган учурда жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу сунушталган.