www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУ АКШ президенти Дональд Трамптын «Ай АКШга таандык» деген билдирүүсүнө жооп берди.
БУУнун Башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик уюм космосту тынчтык максатында пайдаланууну колдой турганын билдирди:
«Биз космосту тынчтык максатында пайдаланууну жактайбыз. Айта турганым ушул гана».
1967-жылы кабыл алынган Космос жөнүндө келишимге 100дөн ашуун мамлекет, анын ичинде АКШ да кошулган. Бул келишим мамлекеттерге Айды жана башка асман телолорун эгемендүүлүк тууралуу билдирүүлөр, пайдалануу же басып алуу жолу менен улуттук менчикке өткөрүүгө тыюу салат.