www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жактырылган энергетика тармагындагы инвестициялык макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүнө байланышкан жыйын өткөрдү.
Отурумга Кыргызстанда күн, шамал электр станцияларын, гидроэлектростанцияларды, жылуулук электр станцияларын куруу иштерин жүргүзүп жаткан жана куруу этабында турган 15тен ашуун компаниянын жетекчилери онлайн жана видео байланыш аркылуу катышты.
Жыйында 2023-жылдан тартып энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен кубаттуулугу 5 450 МВтты түзгөн күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча 12 инвестициалык макулдашуунун ишке ашырылышы талкууланды. Ошондой эле, кубаттуулугу 2 239 МВтты түзгөн гидроэлектростанцияларын куруу боюнча 3 инвестициалык макулдашуу, мындан тышкары кубаттуулугу 2 685 МВтты түзгөн жылуулук электр станцияларын куруу боюнча 3 инвестициалык макулдашуунун ишке ашырылышы каралды.
Ишкерлер менен биргеликте электр станцияларын куруу иштериндеги аткарылган иштер, келип чыккан маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору сүйлөшүлдү.
Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев энергетика тармагындагы инвесторлордун өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы жогору экенин айтып, ошол эле учурда буга чейинки макулдашууларда белгиленген иштердин өз мөөнөттөрүндө бүткөрүүгө жоопкерликтүү болууга чакырды.
Мындан тышкары, өлкөдө электр энергияга болгон талап жогору болгондуктан, бул тармакта иштешүүгө кызыкдар ишкерлер менен Министрлер Кабинети кызматташууга дайым даяр экенин билдирди.