www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу өнүгүүсүн көрсөтүүнү улантууда, бул инвестициялык активдүүлүктө жана мамлекеттин финансылык туруктуулугун чыңдоодо түздөн-түз чагылдырылган. 2024-жылдын акырына карата ИДП киши башына 2513 долларды түздү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 86% га өстү.
Бул көрсөткүч 2025-жылы дагы өсүп, 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кеңейтилген жыйынында Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата отчетун кароо, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027-2028-жылдарга болжолдор жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.
“2024-жылы негизги капиталга инвестиция 283,2 млрд сомго жетип, 18,1%га өскөн”, - деп белгиледи МинКаб Төрагасы.
Ал кошумчалагандай, акча-кредит саясаты улуттук валюта сомунун туруктуулугун сактоого багытталган.
“Тышкы факторлордун, анын ичинде импорттук инфляциянын таасирине карабастан, өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук сакталып, узак мөөнөттүү өнүгүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө”, - деп белгиледи ал.