www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияга иштөө үчүн бара турган жарандарга тиешелүү талаптар тууралуу эскертти.
Министрлик Орусияга кетердин алдында Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун migrant.kg сайты аркылуу кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесин текшерүүнү сунуштайт.
Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн төмөнкү жол-жоболорду аткаруу талап кылынат:
Өлкөгө киргенден кийин 30 күндүн ичинде медициналык кароодон, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүү.
30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери боюнча аймактык миграция органына миграциялык каттоого туруу. Москва шаарына жана Москва облусуна келген жарандар каттоого «Амина» тиркемеси аркылуу турушу керек (үй-бүлө мүчөлөрү жалпы тартипте каттоодон өтүшөт).
Иш берүүчү менен эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимди түзүү.
90 күндүн ичинде түзүлгөн келишимдин негизинде убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу. Бул тууралуу белги миграциялык картага миграция органдары тарабынан коюлат.