www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги респиратордук инфекциялардын алдын алуу эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эске салды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан маалымдашкандай, алдын алуунун жөнөкөй эрежелери вирустун жайылышын жана жугузуп алуу коркунучун кыйла азайтат.

Министрликтин негизги сунуштары:

- баладан курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) белгилери байкалса, айыгып кеткенге чейин мектепке же бала бакчага жөнөтпөңүз жана дарыгерге кайрылыңыз;

- беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо зарыл;

 

- жөтөлгөндө же чүчкүргөндө ооз жана мурунду кагаз жүз аарчы менен жабуу жана аны туура жок кылуу;

- организмди суукка же ысыкка ашыкча дуушар кылбоо;

- жогорку дене тап жана башка белгилер пайда болгондо өз убагында обочолонуу (изоляция);

- колду таза кармоо, үйдү дайыма желдетүү жана нымдуу тазалоо жүргүзүү;

- окуу жана эс алуу тартибин сактоо, ашыкча чарчабоо, таза абага чыгуу, жетиштүү уктоо жана туура тамактануу;

- эртең мененки гимнастика жана көнүгүүлөрдү жасоо.

Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, КРВИ жана сасык тумоодон сактануу үчүн алдын алуу эрежелерди так сактоо керек. Эгерде оорунун белгилери пайда болсо, дароо медициналык жардамга кайрылган оң.

Последние новости