www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде Финансы жана контролдоо бөлүмү мамлекеттик мүлктү берүү боюнча электрондук аукциондордон жасалма протоколдорду колдонуу менен электрондук аукционго катышпаган жеке жактарга кепилдик төгүмдөрүн кайтарып берүү түрүндө ири суммадагы акча каражаттарын ижарага которуп, кийин жооптуу кызматкерлер аталган каражатты материалдык баюу максатында өздөштүрүшкөн.

 Аталган факты боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Финансы жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси (эсепчи) 1996-жылы туулган С.А.Н. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

 

 

Последние новости