www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тез жардам кызматынын жаңы унааларынын жабдуулары пандемия учурунда жардам берүүгө ылайыкташкан. Бул тууралуу Бишкектин ыкчам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, алгач Бишкек шаарына Ford, Жалал-Абад жана Ош облустарына «Соболь» сатып алуу пландаштырылган.

«Унаа пандемия учурунда сатылып алып жаткандан кийин андагы жабдууларга көңүл бөлүндү. «Соболь» унаасында кислороддук концентратор, Ford — ИВЛ бар. Андан тышкары, эң кымбат делген дефибриллятор орнотулган. Бул унааларда эң оор абалдагы бейтаптарга жардам көрсөтө алабыз», — дейт Егор Борисов.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бөлгөн акчага 13 тез жардам унаасын сатып алды. «Соболь» машинасынын баасы 49 миң доллардан, ал эми 3 Ford 90 миң доллардан сатып алынды. 13 Тез жардам унаасынын жалпы баасы 764,900 АКШ долларын тузгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости