www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулун алуу үчүн кандай документтер зарыл экендигин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, жөлөк пулду тариздөө үчүн төмөнкү документтерди керек болот:
- ата-энесинин ЖИНи (ПИН) көрсөтүлгөн паспортунун көчүрмөсү же кайрылман күбөлүгү;
- баланын ЖИНи көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- өзгөчө макамга ээ болгон айрым чек ара аймактарында, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын болгон зоналарда жайгашкан калктуу конушта туруктуу жашагандыгын тастыктаган "Санарип аймак" тутумундагы жашаган/жүргөн жери боюнча каттоосу тууралуу маалымат;
- эгерде ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жөлөк пулун алуу үчүн Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттердин күбөлүгү бар балдары менен кайрылган учурда — балага таризделген КР паспорту же КР жарандыгына таандык экендигин тастыктаган маалымкат.
Арыз ишенимдүү адам же мыйзамдуу өкүл тарабынан берилген учурда төмөнкүлөр талап кылынат:
- паспорт;
- жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;
- балага мыйзамдуу өкүл дайындоо жөнүндө соттун чечими.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-июлдан тарта "Бала ырысы" жөлөк пулун чектөө жана төлөө үчүн документтерди кабыл алуу башталат.