www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун ата тарабы боюнча Y-ДНК анализинин жыйынтыктары жарыяланды. Анын бир тууганы Идо Нетаньяху менен уулу Яир Нетаньяхудан алынган үлгүлөр Y2619 субкласына таандык болгон R1a гаплогруппасына кирери аныкталган.

Бул тууралуу Modern.az Азербайжан ДНК долбоорунун администратору, генетика боюнча изилдөөчү Орхан Хансуварга шилтеме берүү менен маалымдады.

Изилдөөчүнүн айтымында, Нетаньяхунун ата тарабынын тукуму болжол менен 750-жылдары польшалык жөөттөр (ашкеназдар) менен бир ата-бабадан тараган.

«R-Y2619 варианты болжол менен 2900 жыл мурун пайда болгон жана левит тектүү ашкеназ эркектеринин дээрлик жарымында кездешет. Бул бутак дүйнөдөгү жөөт эмес калктын арасында табылган эмес. Генетикалык жактан эң жакын байланыштар кеч коло дооруна таандык болуп, азыркы учурда Иран аймагында катталган. Ошондуктан бул субклад негизинен ирандык келип чыгышка ээ деп эсептелет», - деген ал.

Изилдөөчү ошондой эле Нетаньяхунун чоң атасы Натан Милейковский Орусия империясында (азыркы Беларусь аймагында) төрөлгөн белгилүү раввин жана жазуучу болгонун белгиледи.

Дагы бир кызыктуу жагдай — Израилдин мурдагы президенти Хаим Герцог да ушул эле субкладдын алып жүрүүчүсү болгон. Герцог ирландиялык-израилдик саясатчы, аскер кызматкери, юрист жана жазуучу болуп, 1983–1993-жылдары Израилдин президенти кызматын аркалаган.

Последние новости