www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумуш сапарынын алкагында Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин ачылыш аземине катышты.

Саммит өкмөттөр, эл аралык уюмдар, эксперттер жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери ортосунда билим алмашуу үчүн глобалдык аянтча катары кызмат кылат. Ал адамзаттын универсалдуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн эң алдыңкы мамлекеттик инновацияларды жана алдыңкы кызматтарды көрсөтөт.

Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда өтүп жаткан саммиттин алкагында Кыргыз Республикасында биринчи жолу “Кыргызстандын экономикалык өсүшүндөгү “Ак илбирс” модели: Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чара өткөрөт.

Последние новости