www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов 27-февралда Пакистандын элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар саламаттыкты сактоо жана медициналык билим чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Өлкөнүн медициналык билим берүү уюмдарында окуган пакистандык студенттер үчүн медициналык билимдин сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Гараптар академиялык өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун, билим берүү стандарттарын өркүндөтүүнүн жана студенттердин практикалык даярдыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары жана Пакистандын элчиси эки өлкөнүн медициналык университеттери жана дарылоо мекемелери ортосундагы тикелей кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде окутуучулар жана дарыгерлер арасында тажрыйба алмашууну жана биргелешкен илимий иш-чараларды уюштурууну талкуулашты.

Последние новости