www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23-февралында Женева шаарында өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Палестинанын Тышкы иштер министри Варсен Агебекян-Шахин менен жолугушту.

Министр В.Агебекян-Шахин Газа секторундагы учурдагы абал тууралуу, кырдаалды жөнгө салуу, тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүү боюнча палестин тараптын ыкмалары жөнүндө кеңири маалымат берди.

Министрлер кыргыз-палестин кызматташтыгын ар кандай тармактарда, анын ичинде экономика жана билим берүү жаатында мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Саясий диалогду үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн жана көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

​​​​​​​

Последние новости