www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев айыл чарба каттоосун өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерине арналган Республикалык комиссиянын жыйынын өткөрдү. КР Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов каттоо электрондук форматта өтөрүн жана алдыдагы кампаниянын негизги өзгөчөлүгү кагаз жүзүндөгү маалыматтардан толук баш тартуу болорун маалымдады.

Маалыматтарды чогултуу каттоочулардын түзмөктөрүндөгү мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт, ал эми маалыматтарды Улутстаткомдун борбордук серверине берүү корголгон байланыш каналдары аркылуу ишке ашырылат, бул маалыматтарды иштеп чыгуунун купуялуулугун жана ыкчамдуулугун камсыз кылат.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө учурда бир топ алдын ала иштер аткарылганы белгиленди:
1. Каттоо формалары жана негизги көрсөткүчтөрдүн тизмеси тиешелүү ведомстволор жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен толугу менен макулдашылды.
2. Каттоонун 4 формасы, персонал үчүн нускамалар жана деталдуу календарлык план бекитилди.
3. 2024-жылы пилоттук каттоо ийгиликтүү өткөрүлдү. Алынган тажрыйба программалык камсыздоону жана методологияны жакшыртууга мүмкүндүк берди.
4. 2025–2026-жылдары персоналды даярдоонун көп баскычтуу системасы уюштурулду (оффлайн жана онлайн). Биринчи этапта 200дөн ашык адистештирилген адис квалификациясын жогорулатты.

2025-жылдын декабрь айында процесстерди натыйжалуу башкаруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Республика боюнча каттоо ишин жүргүзүүгө жалпысынан 6 791 убактылуу кызматкер тартылат, анын ичинде:
- Регистраторлор – 1 179 адам;
- Каттоочулар – 4 494 адам;
- Инструктор-контролерлор – 898 адам;
- Координаторлор – 220 адам.

Персоналды тартуу графиги бекитилген: координаторлор 2026-жылдын февраль айында, ал эми негизги штат (инструкторлор жана каттоочулар) март-апрель айларында ишке киришет.

«Айыл чарба каттоосу – өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун объективдүү стратегиясын түзүү куралы. Фермерлерди колдоо боюнча мамлекеттик программаларды натыйжалуу пландаштыруу үчүн республиканын агрардык потенциалынын мүмкүн болушунча так сүрөтүн алышыбыз керек», - деп белгилешти Республикалык комиссиянын мүчөлөрү.

Соңунда Бакыт Төрөбаев мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер-жерлерде эл каттоону өз убагында уюштуруу, логистика жана көмөк көрсөтүү үчүн жеке жоопкерчиликте экенин баса белгиледи. Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин чечимине ылайык,  каттоо 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өтөт.

Последние новости