www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолдорунда кар көчкү жүрүүнүн алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Кыргыз Гидрометеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 23–28-февраль күндөрү Бишкек–Ош автоунаа жолунун 198–255-чакырымдарында (Өтмөк тилкеси, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), ошондой эле 23–26-февраль күндөрү Бишкек–Нарын–Торугарт автоунаа жолунун 294–297-чакырымдарында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы) кар көчкү жүрүү коркунучу жогорулайт.
Ушуга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу максатында, аталган күндөрү кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.
Министрлик жогорудагы айтылган маалыматты эске алып, зарылчылыгы жок болсо алыскы жолго чыкпоого жана түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы