www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомчулукта Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу ар кандай талкуулар болуп жатат. Айрымдар бул чечимди күтүүсүз кадам катары бааласа, башкалары бийлик ичиндеги таасир талашкан тирештин ачыкка чыгышы катары мүнөздөшүүдө. Айрыкча анын кызматтан кетиши ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө дарыланып жаткан учурга туш келгени күдүк суроолорду күчөттү.
Арийне, саясат таануучулар бийлик структураларында таасир талашуу же позиция бекемдөө сыяктуу көрүнүштөр ар дайым болуп турарын белгилеп жатышат. Мындай процесстер көп учурда коомчулукка толук ачыкка чыкпайт. Себеби ар бир команда өз ичинде пикир келишпестиктерди баштан кечирет. Кээде бул ички чыңалуулар аргасыздан катаал чечим кабыл алууга мажбур кылат. Жапаров менен Ташиев саясий тандеми дал ушул өңүттү чагылдырат. Образдуу айтканда, "бери карап күлүп, ары карап азуу көрсөткөн" жагдайды баштан кечирип жатышат.
Андыктан, учурдагы кырдаалдан улам эл арасында "мындан ары эмне болот" деген суроого жооп издегендер арбын. Бирок азыркыдай саясий процесстер ыкчам өзгөрүп жаткан шартта так кесе анализ кылуу кыйын. Ошол эле учурда айрым байкоочулар Ташиевдин кызматтан алынышы, ага келечектеги президенттик шайлоого катышууга жол ачылганын белгилешүүдө. Буга байланыштуу мыйзам чегинде ар бир жаран шайлоого катышууга укуктуу экени эске салынууда.
Баса, Ташиевдин УКМКда иштеген командасын айтпаганда дагы, анын тарапташтары делген Жогорку Кенештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун төрагылыктан кетери, Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевдин, Транспорт министри Абсатар Сыргабаев өңдүү белгилүү аткаминерлердин иштен алынары тууралуу жоромолдор, алдыдагы президенттик шайлоодо атаандаштык маселеси курчуй турганын айгинелейт.
Себеби, саясатта достук, үзөңгүлөштүк кызыкчылык дал келген учурга чейин кармалат. Кызыкчылык кагылышкан жерде мамиле үзүлөт. Ал түгүл атаандаштык, кастык ойгонот. Достор душмандашып, душмандар достошот. Бул алмустактан келе жаткан көрүнүш. Анткени так бирөө. Ага эки киши отура албайт. Бирөө жеңет, бирөө утулууга тийиш. Болбосо, мурдагыдай бири-бирин колдогон айкөлдүк, кечиримдүүлүк талап кылынат. Ансыз болбойт.
Арийне, кадрдык чечимдер ар тараптуу кылдат талдоонун негизинде, саясий туруктуулук фактору сөзсүз эсепке алынып кабыл алынат. Демек, учурдагы бүдөмүк абалды эске алганда Ташиевди президенттик шайлоого катышат деп так кесе божомол жүргүзүү өтө оор. Анын субъективдүү, объективдүү себептери көп. Анын үстүнө саясий оюндардын картасы толук ачыла элек. Андыктан азырынча олуя болуунун кажети жок.