www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Астана шаарына болгон иш сапарынын алкагында, 2026-жылдын 22–24-апрелинде Казакстан Республикасында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин иш-чараларына катышты.
Саммиттин негизги окуяларынын бири — «Ар бир баланын ден соолугу жана жыргалчылыгы: балдардын саламаттыгын коргоонун заманбап стратегиялары» аттуу жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция болду. Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Азербайжандын, Грузиянын саламаттык сактоо министрлеринин жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен уюштурулду.
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар Астана чакырыгын кабыл алышты — бул мамлекеттердин балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо системаларын чыңдоого, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө, оорулардын алдын алууга, эмдөөгө, психикалык саламаттыкты коргоого, калктын аялуу катмарларын коргоого жана чечимдерди маалыматтардын негизинде кабыл алууга берилгендигин тастыктаган биргелешкен документ.
«Келечек муундарды коргоо: экологиялык күн тартибинде ден соолук — Арал деңизинин аймагынын сабактары жана чечимдери» аттуу министрлик панелдик сессияда сөз сүйлөп жатып, министр Дамир Осмонов айлана-чөйрө менен калктын ден соолугунун өз ара байланышы боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын билдирди.
Өз сөзүндө Дамир Осмонов Кыргызстан үчүн тоолуу аймактар географиялык өзгөчөлүк гана эмес, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө, калктын жашоо сапатына жана саламаттык сактоо системасынын туруктуулугуна түздөн-түз таасир этүүчү маанилүү фактор экенин белгиледи. Ал климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши, суу ресурстарынын тартыштыгы жана алыскы калктуу пункттардын обочолонушу медициналык жардамды уюштурууда заманбап жана ылайыкташкан ыкмаларды талап кыларын баса белгиледи.
Министр тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында саламаттык сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, сөз бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган калк үчүн туруктуу медициналык жардам системасын түзүү, баштапкы медициналык-санитардык жардамды кеңейтүү, санариптик чечимдерди өнүктүрүү, мобилдик медициналык кызматтарды жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу механизмдерин өнүктүрүү тууралуу болуп жатат.
Дамир Осмонов ошондой эле тоолуу аймактардагы чакырыктар көп жагынан Арал деңизинин аймагы жана Каспий бассейниндеги көйгөйлөргө окшош экенин белгилеп, экологиялык өзгөрүүлөр калктын ден соолугуна түздөн-түз таасир этерин айтты. Ал белгилегендей, тоолордогу ар кандай өзгөрүүлөр суу ресурстарына түздөн-түз таасир берип, натыйжада тоолуу аймактардан алда канча кеңири аймактардагы жашоо шарттарына таасирин тийгизет.
Ушуга байланыштуу министр өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүүнүн, тажрыйба алмашуунун жана макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Кыргызстан ден соолук азыркы жана келечек муундардын кызыкчылыгы үчүн экологиялык жана климаттык күн тартибинин борборунда болушу үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана регионалдык өнөктөштөр менен кызматташууну улантууга даяр », — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.