www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр: Мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулады

1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы эки эсе жогорулады. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим президент Садыр Жапаровдун 26-марттагы жарлыгына ылайык кабыл алынды.

“Бардык агартуучулардын айлык акылары 100 пайыз жогорулады. Жаңы эсептелген шартта эртеңден тарта алардын айлыктары карточкаларына түшө баштайт. Атап айтканда, 183 978 агартуучунун маянасы бирдей көтөрүлүп жатат”, — деп билдирди министр.

Последние новости