www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бегиш, Бакр, Баястан, Freeman 996 жана башка рэп багытында чыгармачылык менен алектенген жаш аткаруучуларды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө заманбап музыкалык маданиятты өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо жана чыгармачыл чөйрөдө кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле жаш аткаруучулар өз сунуш-пикирлерин билдирип, рэп маданиятын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу ой бөлүштү.

Министр Мирбек Мамбеталиев жаштардын чыгармачылык демилгелерин колдоо маданий саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, таланттуу жаштарды ар тараптан колдоо боюнча иштер улантыларын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да чыгармачыл кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашты.

Последние новости