www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Кыргызстанда алкоголддук ичимдиктерди саат 22:00дөн 10:00гө чейин сатууга тыюу салууну жана алкоголь менен тамеки сатуу тартибин катаалдаштырууну "Кабар" агенттигине берген маегинде сунуштады.

Анын айтымында, түнкү убакта алкоголдук мас абалында жасалган кылмыштар жана окуялар көп катталат.

«Кылмыштардын басымдуу бөлүгү: үй-бүлөлүк зомбулук, жол кырсыктары, көчөдөгү мушташтар, хулигандык ушул убакта болот, анын ичинде алкоголдук мас абалында жасалат. Азыр алкоголду 24/7 сатып алса болот. Түн ичинде алкоголду ресторандарда гана жана өтө кымбат баада сатууга уруксат берген норманы киргизсе болот», — деди министр.

Чечейбаев спирттик ичимдиктер менен тамекини сатууга мүмкүн болгон жерлердин санын кыскартууга чакырды. Анын айтымында, аларды азык-түлүк дүкөндөрүндө жана кичи магазиндерде сатууга тыюу салуу керек.

Министр белгилегендей, мындай чектөөлөр Европа, АКШ, Жапония жана Түштүк Корея сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө буга чейин эле иштеп келет.

«Ошондуктан ал жакта адамдар узак жашайт. Мындан тышкары, алар көп кыймылдайт, спорт менен машыгат, туура тамактанат», — деп кошумчалады министр.

Последние новости