www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-27-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, убактылуу чектөөлөр Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын өткөндүгүнө байланыштуу киргизилмекчи.

Төмөндө чектөө киргизилчү көчөлөрдүн тизмеси:

-«Манас» Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

-Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;

-Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

-Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

-Ж. Абдрахманов, С. Ибраимов жана М.Фрунзе көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.

Мындан тышкары, транспорттук басымды азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлөт.

Ички иштер министрлиги жарандарды мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, зарыл болбосо оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпай турууга жана жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат. 

Киргизилип жаткан чектөөлөргө байланыштуу унаа кыймылын алдын ала мерчемдеп алууну суранабыз. Чектөөлөр кортежтердин өтүү маалында гана киргизилет. 

Эске салсак, 27-ноябрда Бишкекте кыргыз тараптын төрагалыгы алдында ТИМ жетекчилеринин кеңеши (СМИД), Коргоо министрлер кеңеши (СМО), Коопсуздук кеңешинин катчылар комитети (КССБ), ошондой эле ОДКБнын Коопсуздук кеңешинин сессиясы өтөт. Иш-чаралардын катышуучулары биргелешкен иштердин актуалдуу маселелерин, анын ичинде маңзат жүгүртүүгө жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташууну талкуулашат.

Последние новости