www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ жакында “Мусулман бир туугандар” эл аралык исламчыл кыймылын чет элдик террордук уюмдардын улуттук тизмесине киргизүүнү пландап жатат.
Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп 23-ноябрда Just News порталына билдирди.
“Бул эң катуу жана чечкиндүү формулировкада жасалат”, — деп жооп берген ал тиешелүү суроого.
Ал акыркы документтер даярдалып жатканын кошумчалады.
2025-жылдын жай айларында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына жана Сенатына бул кыймылды террордук уюм деп таануу боюнча мыйзам долбоорлору киргизилген.
“Мусулман бир туугандар” 1928-жылы Египетте негизделген эл аралык диний жана саясий уюм. Ал көптөгөн өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылган жана араб дүйнөсүндө кеңири таасири бар. Уюм Хасан аль-Банна тарабынан негизделген жана диний, саясий жана коомдук ишмердүүлүктү камтыган көп кырдуу кыймылга айланган. Анын Египетте жана Тунис, Ливия жана Сирия сыяктуу башка араб өлкөлөрүндө олуттуу таасири бар.